Мектептердеги акча чогултуулар. Депутат 28 миң сомго чейин айып салууну сунуштады
RU

Мектептердеги акча чогултуулар. Депутат 28 миң сомго чейин айып салууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Миргүл Темирбаева мектептердеги акча чогултуулар үчүн айып салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Долбоор акча каражатын мыйзамсыз чогултууга, мектептерде коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган президенттин "Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга жана мыйзамсыз акча чогултууну, анын ичинде мектептерде мамлекеттик фонддорду түзүүнү жоюуга багытталган.

Долбоордо мамлекеттик билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептер) мыйзамсыз акча чогултулса: жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч (7,5 миң сом) өлчөмүндө айып салынат деген норма киргизилет.

Ушул эле жосундар мектептерде атайын фонддорду түзүү жолу менен жасалса: жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом), юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч (28 миң сом) өлчөмүндө айып салынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14511