"Дордой", "Мадина" базарларындагы ишкерлер митингге чыгышты. Видео
RU

"Дордой", "Мадина" базарларындагы ишкерлер митингге чыгышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектеги "Дордой", "Орто-Сай" жана "Мадина" базарларынын ишкерлери митингге чыгышты. Андагы видеолор менен окурмандар бөлүштү.

Нааразчылыкка чыккандар ККМ колдонуу милдетин, ошондой эле атайын салык режимин киргизүүнү жокко чыгарууну талап кылышууда. Ишкерлер мурдагыдай эле патенттин негизинде иш алып барууга мүмкүнчүлүк берүү талабын коюп жатышат.

Буга чейин, 29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери митингге чыгышкан. Андан кийин Мамлекеттик салык кызматы стратегиялык объектилерге кирген базарларда иш алып барган ишкерлер атайын салык режиминде иш жүргүзө алышарын, мындай объектилерге "Дордой" базары (Бишкек) жана Тураталы эл базары (Кара-Суу) кирет деп маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15056