Таласта алимент төлөбөй жүргөн кишинин карызы 600 миң сом болуп кеткен
RU

Таласта алимент төлөбөй жүргөн кишинин карызы 600 миң сом болуп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас облусуна барып, укугу бузулган жарандар менен жолугушту. Аталган институттан билдиришкендей, жергиликтүү тургундар негизинен мамлекеттик органдар тарабынан жеке менчик мүлкүнө ээлик кылуу боюнча укуктары бузулуп жатканына арызданышып, алимент өндүрүү боюнча сот отурумдарына мониторинг кылууну суранышты.

Тургундардын бири каза болгонуна көп убакыт өткөн адамдын атына дагы деле электр энергиясы үчүн эсеп чыгып жатканын айтты.

"Ал кишинин каза болгонуна көп убакыт болгон. Жакындары жок. Өлгөн адам кантип электр жарыгына карызды төлөмөк эле? Карызы калганы аз келгенсип, туумдар да кошулуп жатат", - деп нааразы болду. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Талант Эдилев жергиликтүү органдар аталган арызды карай турганын, мыйзамга ылайык мындай учурда карызды жоюу керектигин айтты.

Дагы бир тургун анын жеке менчигине карата укугу бузулуп жатканын даттанды. Акыйкатчы мамлекеттик органдардан аялдын жеке менчикке карата укугун сактоону камсыздоону талап кылып, анын ишине мониторинг кылууну камсыз кыларын айтты. Андан тышкары улгайган киши милиция кызматкерлеринин аракетсиздигине нааразычылыгын айткандан кийин Талас ОИИБдин башчысы анын ишин жеке өзү көзөмөлүнө алмай болду.

Акыйкатчынын Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү берген маалыматына караганда, алимент өндүрүү боюнча маселелер тууралуу кайрылуулар көбөйгөн.

"Соттун чечимдери болсо да ажырашкан аталар өз балдарына алимент төлөбөй жаткандыгы тууралуу иштер бар. Мисалы бир эркектин алимент боюнча карызы 600 миң сомдон ашып кеткен. Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен карыз төлөндү", - деди Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Жакшыгуль Узакбаева.

Аталган институттун статистикасына ылайык, аймактарда жарандардын укуктары юридикалык сабаттуулуктун жетишсиздигинен улам бузулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15058