"Дордойдогу" митингде чиновникке кол көтөрүү болгон. Шектүү кармалды
RU

"Дордойдогу" митингде чиновникке кол көтөрүү болгон. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дордой" базарындагы митингде эркек кишини чапкан адам кармалды. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Свердлов РИИБинен билдиришти.

Башкармалыктын маалыматына караганда, "Дордой" базарынын администрациясынын алдында 30-ноябрда митинг өтүп, белгисиз адамдар коомдук тартипти одоно бузуп, эркек кишиге жаракат келтирген.

Бул факты боюнча 280-берене ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголду.

Учурда митингдеги тартип бузган жарандардын бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришкендей, ишкерлердин нааразычылыгы болуп жаткан жерде Министрлер кабинетинин өкүлү болгон. Чиновникке белгисиз адам кол көтөргөн. Болжолдуу маалыматка караганда, ал Акылбек Жапаровдун жардамчысы же кеңешчиси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15061