ККМге каршы акциянын катышуучусу: талап аткарылбаса, өлкөдөгү бардык соодагер көчөгө чыгат
RU

ККМге каршы акциянын катышуучусу: талап аткарылбаса, өлкөдөгү бардык соодагер көчөгө чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-декабрда "Дордой Моторс" базарынын аймагында соодагерлердин митинги өттү. Алар кассалык аппараттарды орнотууга, атайын салык режимине каршы чыгып, патент системасын талап кылышты.

Соодагерлердин алдына "Дордой" базарынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков маек курду. Ал соодагерлерди комиссияга "Дордой Моторстун" жумушчуларынын атынан сунуш киргизе турган 15 адамдан турган топ түзүүгө чакырды. Салымбековдун сунушуна профсоюздун өкүлү макул болду. Ал митингдин катышуучуларын ишенимге чакырып, эгер бийлик алардын талаптарын укпаса, эртең митингге өлкөдөгү соодагерлердин баары келерин кошумчалады.

"Мына, шаар мэрибиз дагы келип угуп жатат биздин көйгөйдү. Реакция кылыш керек. Кандайдыр бир ыкчам чара колдонуш керек. Себеби, базарлар жарылса - бул бир гана мамлекетке эмес, дүйнө жүзүнө чыгып кетет да. Ошого жеткизбейли. Жарылып, мина болуп турат. Жарылайын деп калды. Азыр дагы (соодагерлер - kaktus.kg - ред) өздөрүн кармап жатат. Бул жан жүйнөнүн кыйкырыгы! Сиздерге кайрылбаганда кимге кайрылат ушунча эле?! Эч ким келип укпаса, көрүп кеткендер чара колдонбосо, көрбөсө, үнүбүз жетпесе, көрдүңөрбү, керек болсо ишенбей жатабыз.

Ишенгиле. Акыркы жолу ишенип коелу. Чечилбей турган болсо, башка күнү кайра бардык кыргызстандын ишкерлери (нааразычылык акцияга - kaktus.kg - ред) чыкмай болуп жатат. Аны ар ким эртеден бери эле айтып жатат", - деди Дордой Моторстун профсоюзу Эльмира Джангирова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15074