Ташиев базар ээлеринен ижара акысын эки эсе арзандатууну талап кылды
RU

Ташиев базар ээлеринен ижара акысын эки эсе арзандатууну талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстандагы базарлардын ээлери ижара акысын эки эсе арзандатышы керек", - деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы бөлүмдүн кезектеги жаңы имаратынын ачылышында.

Ташиев соодагерлердин акыркы нааразычылык акцияларына комментарий берип, республика боюнча соода-базар комплекстеринин ээлери "бул иш-аракетинен эбегейсиз киреше алып жаткан өлкөдөгү эң бай адамдар" экенин белгиледи.

"Соодагерлер ири суммадагы акча төлөп жатканына карабай, көпчүлүк базарларда базалык шарттар түзүлө элек. Соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн алгач базар ээлери ижара акысын жок дегенде эки эсеге арзандатышы керек", - деп баса белгиледи Ташиев.

Мындан тышкары, анын пикири боюнча, кассалык аппараттарды сатып алууда кыйынчылыктарга дуушар болгон чакан ишкерлер бекер кассалар менен камсыз болушу керек.

Ошондой эле УКМКнын төрагасы калкка кайрылып, "ар кандай чагымчылдыктарга алдырбоого" чакырып, чагымчыларга социалдык-экономикалык маселелерди саясий өңүткө өткөрбөөнү эскертти.

Эскерте кетсек, 29-ноябрда Кара-Суу базарынын ишкерлери кассалык аппараттарды колдонуу жана патенттен башка салык режимине өтүү зарылдыгына нааразы болуп митингге чыгышкан.

Ушундай эле талаптар менен 30-ноябрда, 1-2-4-декабрда ишкерлер митингге чыгышкан.

Ал эми, кечээ, 5-декабрда Горький паркына Бишкектин базарында иштеген соодагерлер акцияга чыгышып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек жапаровдун келишин тарап кылышты.

Бул учурда Дордой базарына президент Садыр Жапаров барып, ККМге каршы ишкерлер менен жолугуп, патент менен иштөө жай айына чейин калтырылат деп айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15088