"Дордойдо" салык чогултууга жооптуу болгон 5 салыкчы кармалды
RU

"Дордойдо" салык чогултууга жооптуу болгон 5 салыкчы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматынын буга чейин "Дордой" соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон 5 кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө салык реформасын ишке ашырууга терс таасирин тийгизген 5 салыкчы жеке баюу максатта, ишкерлердин салык төлөөсүнөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталганы айтылды.

"Бул коррупциялык схема 5-6 жылдан бери уланып келе жаткан. Алар ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган.

"Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкерин жоопкерчиликке тартууга жетиштүү далилдер алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" бернеси менен сотко чеийинки өндүрүштүн алкагында Салык кызматынын М.А.Ч., Ж.А.М., Т.Н.Г., К.А.К. аттуу кызмат адамдары жана Салык кызматынын азыркы жетекчилеринин бири А.А.Б. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат катары: "Дордой" соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары бар, ал эми салык 400 гана ишкерден түшүп турган.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандагы базарларда иштеген ишкерлер ККМ колдонууга каршы митингге чыгып, салыкчылар мыйзамсыз ишеп жаткандарын айтышкан эле. 5-декабрды Бишкектин бир катар базарларында соодагерлер ККМге каршы митингге чыгып, Дордой базарына президент барган. Бул учурда Горький сейил багында да соодагерлер нааразычылык акция уюштуруп, жерине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышкан. Ал жерге Салык кызматынын жетекчисинин орун басарлары барып, ишкерлердин оюн уккандан кийин, мыйзамсыз иш аракеттерге барып жаткан салык кызматынын кызматкерлерине чара көрүлөт деп убада берген эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15115