Ишкер эмне үчүн базар кассалык машиналар менен иштөөнү каалабай жатканын түшүндүрдү
RU

Ишкер эмне үчүн базар кассалык машиналар менен иштөөнү каалабай жатканын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Митингде "Дордой Моторс" базарынын ишкерлери патент системасын калтырууну же башка жеңилдетилген салык режимин киргизүүнү, ККМден аларды бошотууну талап кылышты.

Нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бири ККМ базардагы соодагерлер үчүн канчалык ыңгайсыз экенин айтып берди. Анын айтымында, соода-сатык учурунда кассадагы чекти тешүүгө үлгүрбөй калган жагдайлар пайда болуп, бул үчүн аларга чоң айып пул салынат.

"Бир куту тамекини 100 сомдон сатсак, салык кызматы келгенде кассадан көрүнбөй калса, анан 13 миң сом айыпка жыгылат экенбиз. Элестете аласызбы?! Бул алгачкы айып пул. Экинчи айып 26 миң сом. Ал андан ары жогорулайт. Анда эмне, 13 миң сом айып төлөйбүзбү же тамеки сатабызбы?" – деп ачууланды ал.

Анын айтымында, базарда иштеген ишкерлер февраль айынан бери бардык мамлекеттик органдарга кайрылып, бирок бул боюнча чечим азыркыга чечилбей жатат.

Эскерте кетсек, 29-ноябрда Кара-Суу базарынын ишкерлери ушундай эле себеп менен митингге чыгышкан. Ушундай эле талаптар менен 30-ноябрда Орто-Сай базарынын ишкерлери митингге чыгышкан эле. Ушул эле күнү "Дордой" жана "Мадина" базарларынын соодагерлери да митингге чыгышып, "баары азыркыдай калсын", башкача айтканда патент гана төлөп, ККМди алып салууну талап кылышууда. Митингде баары ойдогудай болгон жок – ал жерде министрлер кабинетинин кызматкерине кол салуу болду. Шектүү акыры убактылуу кармоочу жайга киргизилип, "Бейбаштык" беренеси менен иш козголду.

1-декабрда Бишкекте "Таатан", "Чынар", "Аламүдүн" базарларынын соодагерлери да патенттерин кайтарып берүүнү талап кылып нааразычылык акцияга чыгышкан. Бир аздан кийин аларга Кара-Балта шаарындагы базардын соодагерлери кошулган эле.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-январынан тартып патенттин негизиндеги соода иштери токтотулат.

Өз кезегинде Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров "белгилүү бир күчтөр соодагерлерди козутуп, өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатат" деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15075