Кыргызстан боюнча ири соода комплекстеринин ээлери - өлкөнүн эң бай адамдары
RU

Кыргызстан боюнча ири соода комплекстеринин ээлери - өлкөнүн эң бай адамдары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымдап, алардын аттарын атады.

Тизмеге Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева жана Чыңгыз Алканов кирген.

"Бүтүндөй республика боюнча ири соода-сатык комплекстеринин ээлери өлкөнүн эң бай адамдары. Булар кимдер? Булар – Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов жана башка кишилер. Бул иштен чоң киреше алыша тургандыгы барыбызга белгилүү. Республикабыздагы базар ээлери акыркы 30 жылдан бери ушул базарларды кармап келе жатышат жана ушул базарлардан эбегейсиз чоң байлыктарды топтошту. Мына, бүгүнкү күндө дагы ошол байлыктарды топтоп отурушат. Ошол эле мезгилде, мамлекетке болгон мамилесин булар өзгөрткөн жок. Мамлекетке болгон, коомго болгон, ошол колдорунда иштеп жаткан сатыуучуларга болгон мамилесин өзгөртпөстөн, дагы деле ошол байлыкка тойбостон, байлыктын аркасынан түшүп келе жатышат. Ошонун себебинен, мына кечээки митингдер болуп жатат", - деди ал кезектеги УКМКнын

Ташиев буга чейин базар ээлери соодагерлердин ижара акысын эки эсе арзандатышы керектигин айткан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15093