Суука байланыштуу Бишкектин окуучулары жума аягына чейин онлайн окууга өткөрүлдү
RU

Суука байланыштуу Бишкектин окуучулары жума аягына чейин онлайн окууга өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үшүккө байланыштуу Кыргызстандын мектептери үч күнгө – 13, 14 жана 15-декабрга чейин онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу адегенде борбор калаанын мугалимдери мессенджер аркылуу айтышкан.

Билим берүү министрлиги эгерде сыртта абанын температурасы -25 градустан төмөн болсо, анда сабактарды дистанциялык түрдө өткөрүүгө болоорун түшүндүрдү.

Бишкек мэриясы КР Билим берүү жана илим министрлигинин 13-декабрдагы буйругуна таянуу менен борбор калаанын мектептери бүгүнтөн баштап 15-декабрды кошкондо онлайн окутууга өтүп жатканын билдирди. "Бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат, бирок ата-энелер мүмкүнчүлүгү болсо жана баласын үйдө калтыргысы келсе, алар мугалимге кабарлашы керек", - деп кошумчалады муниципалитет.

Онлайн сабактар ​​тууралуу маалымат алдын ала эмес, эртең менен гана пайда болгонуна ата-энелер нааразы.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 13-14-декабрда аномалдык суук күтүлөт. Бирок аптанын аягында абанын температурасы көтөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15130