Абдан суук. Кыргызстандын мектептери онлайн окутууга өттү
RU

Абдан суук. Кыргызстандын мектептери онлайн окутууга өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үшүккө байланыштуу Кыргызстандын мектептери эки күнгө – 13 жана 14-декабрда онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу борбордун мугалимдери мессенджерлерде айтып жатышат.

Билим берүү министрлиги сыртта абанын температурасы 25 градустан төмөн болсо, сабактарды дистанциялык түрдө өткөрүүгө болорун түшүндүрдү.

Бишкек шаарынын мэриясы "Бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат, бирок ата-энелер баласын үйдө калтырууну кааласа жана мүмкүнчүлүгү бар болсо, бул тууралуу мугалимге билдирүү зарыл", - деп билдирет.

Онлайн сабактар ​​тууралуу маалымат алдын ала эмес, эртең менен гана пайда болгонуна ата-энелер нааразы.

Кыргызстанда 13-14-декабрда аномалдуу суук күтүлөт. Бирок аптанын аягында абанын температурасы көтөрүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызгидрометтин болжолдоосуна ылайык, 13-14-декабрда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт. Айрым аймактарда абанын температурасы -35 градуска чейин төмөндөйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15127