Арстан Алай дайынсыз болуп изделүүдө
RU

Арстан Алай дайынсыз болуп изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Арстан Алай (Арстанбек Абдылдаев) дайынсыз болуп изделүүдө. Анын жакындары милиция кайрылып, табууга жардам сурашканын Kaktus.kg сайтына Свердлов РИИБден ырасташты.

Маалым болгондой, Арстан Алай 13-декабрда саат 08:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Үйүнөн чыккан күнү кара түстөгү спорттук кийим жана кроссовкичен болгон.

Бул маалымат каттоого алынып, издөө иштери башталды. Арстан Алайды көргөн, билгендер болсо кабар берип коююуну жакындары жана милиция кызматкерлери суранат. Байланыш номерлери: 0312 43 32 75, 0558 26 28 29.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15136