Арстан Алай Садыр Жапаровдун президенттик келечеги жөнүндө айтып берди (видео)
RU

Арстан Алай Садыр Жапаровдун президенттик келечеги жөнүндө айтып берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айткан сөздөрү жана келечекке жасаган божомолдору менен көпчүлүккө таанымал болуп калган коомдук ишмер Арстан Алай өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча жеке пикирин Kaktus.kg менен бөлүштү.

Арстан Алай 2011, 2017 жана 2021-жылдары президенттик шайлоого аттанган. Анын айтымында, президенттик шайлоого чыгаардын алдында эле анын жыйынтыгы кандай боло турганын билген. Азыркы тапта, Садыр Жапаровдун президент болушу кыргыз элине трагедия алып келет деген пикирде.

"Ооба, 2021-жылы Садыр Жапаров жеңишке жетти. Бирок анын жеңиши кыргызга жакшылык деле алып келбейт. Жеке башы менен женгени менен кыргызга эч бурулуш алып келе алган жок, өзгөртүу алып келе алган жок, алып келе албайт дагы. Анын президенттик шайлоодо утушу - кыргыз эли үчүн трагедия. Садыр Жапаровдун колунда болгон мүмкүнчүлүктүн бары болду. Мындайча айтканда кара күч. Спикер колунда, болгон күчтүн бардыгы анда болду. Шайлоо учурунда мен аны менен жолугуп, бир аз түшүндүрүп коеюн деген ойлор болду. Жардамчыларына чыксак мына-ана деп эле убакыт өтүп кетти. Комузду деле комузчу ойнойт да, аны жөн адам ойной албайт. Анысы кандай, бул сенин ишиң эмес, сен өзүңдүн керт башыңды ойлобо. Сага деле бул Сооронбайдай күн болуп калат. Мына бир жыл айлана элек, ошончо ишеничтен кетти, азыркы тапта тупикте", - дейт Арстан Алай.

Интервьюнун толук версиясын бул жактан көрө аласыз.

Анын айтымында, кыргыз элине президенттин деле кереги жок.

"Бул менин ишим. Мага бул кызык деле эмес. Кыргызга, керек болсо, президенттин деле керек эмес. Кыргызга багыт көрсөтө турган адам керек. Багытты көрсөтүп койсо эле, аткан октой көтөрүлөт"

Арстан Алай, президент болсо, отпускага чыга качпайт болчумун, деп билдирди.

"ОДКБнин жыйынына катышып, ошол өлкө лидерлерине айтмакмын. Азыр Кыргыз эли улуу эл. Ошондуктан кыргызда Арстан Алай деген жигит бар. Кытай карызын доолаганда, мен вирус жөнөтөм, куюн жөнөтөм, булут жөнөтөм. АКШ, Россия, Корея курал жарагаын алып өзүнчо кыйынсынды. Силер мага биригесиңер, мына ушул мыйзамга биригесиңер, кыргызга биригесиңер. Бул максат кыргызга эле президент болуу эмес. Адамзатка президент болуу, багыт көрсөтүү", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5325