Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Афтандил Жоробеков, Мелис Аспековдон кабар алды
RU

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Афтандил Жоробеков, Мелис Аспековдон кабар алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги СИЗО-1ге барышып, мониторинг жүргүзүштү. Ошондой эле жарандык активисттер Афтандил Жоробеков, Мелис Аспековдон кабар алышты.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Афтандил Жоробековдун камерасында он адам жайгаштырылганын, ошол эле маалда камерага 8 керебет гана коюлганын такташты. Мекеменин кызматкерлери эки адамды таңга маал алып келишкенин жана ушул эле күнү башка мекемеге этап кылышарын маалымдашты.

Афтандил Жоробеков камерада болгон эмес, аны таза абага дем алууга алып кетишкен экен. Институттун кызматкерлери сейилден келгенден кийин аны менен сүйлөштү. Жоробеков кармоо шарттарына жана ден соолугунун абалына даттанган жок. Бирок ага карата кабыл алынган баш коргоо чарасына макул эместигин, буга байланыштуу анын жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз бергенин билдирди.

Ошондой эле кызматкерлер дагы бир активист Мелис Аспековдун кармоо шарттары менен таанышты. Буга чейин Акыйкатчы институтуна кайрылуу түшкөн. Анда Аспековдун жүрөгү ооруп жатканына байланыштуу ооруканага жиберүү зарылдыгы айтылган.

СИЗО-1дин кызматкерлери 21-декабрда жарандык активистти медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн "Бикард" жеке менчик клиникасына жөнөтүшөрүн билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15155