Жалал-Абадда 8 чек арачы аткезчилик каналын уюштурганга шектелди. Видео
RU

Жалал-Абадда 8 чек арачы аткезчилик каналын уюштурганга шектелди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда аткезчиликке аралашкан деген шек менен чек арачылар кармалды. УКМК берген маалыматта чек арачылар жумуштан тышкары убакта мыйзамсыз иш менен алектенишкен деп айтылат.

УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчилигинин жардамы менен коопсуздук кызматкерлери 18-декабрга карган түнү атайын тергөө аракеттерин жүргүзүп, "Баймак-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлерин кармашты.

Алар көзөмөл-өткөрүү пункт аркылуу жумуштан тышкаркы убакта мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракетине жардам беришкен. Чек арачылардын бул системалуу мүнөздөгү иш-аракеттери жана туруктуу контрабанда каналы жигердүү иштеп жаткандыгы аныкталды. Аталган кызматкерлер акчалай сыйлык үчүн түн ичинде контрабандалык жүктөрдү өткөрүүгө жигердүү көмөктөшкөн. Мындан улам кылмыштуу аракеттерин жашырып, камерага түшүп калбашы үчүн объекттин аймагында электр энергиясын өчүрүүгө барышкан.

Ошондой эле аталган чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөктөшүү жолу менен "Баймак" көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда мыйзамсыз аткезчиликти уюштуруу фактылары аныкталган.

Азыркы учурда бул контрабандалык ишке катышкан "Баймак-автожол" көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунун 8 кызматкери жана 5 жөнөкөй жаран кармалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15159