Жусупбек Коргонбай уулу судьяларды тандоо кеңешине мүчө болду
RU

Жусупбек Коргонбай уулу судьяларды тандоо кеңешине мүчө болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке мүчө болуп шайланды. Ал Жогорку Кеңештин квотасы менен парламентарийлер тарабынан добуш берүү аркылуу тандалды.

Судьялар тандоочу кеңешке мүчө болууга Мейкинбек Абдалиев менен Жусупбек Коргонбай уулу талапкер болушкан. Кесиптештеринин 71 добушун алган Жусупбек Коргонбай уулу кеңешке мүчө болду. Эми ал бул кызматты депутаттыгы менен кошо айкалыштырат.

Белгилесек, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьяларын сынак аркылуу тандайт. Андан өткөн талапкерлер президентке сунушталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15180