Жусупбек Коргонбай уулу соцтармактын колдонуучусун сөгүп, сынга кабылды
RU

Жусупбек Коргонбай уулу соцтармактын колдонуучусун сөгүп, сынга кабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Facebook колдонуучусун сөккөн скриншот социалдык тармактарга жайылды. Анда Бактыгул Байдиева аттуу интернет колдонуучу Жогорку Кеңештин депутаттарын сындаган билдирүү калтырган.

"Депутаттар бир бошонгон окшойт, бири мушташып, бири отурган жеринен жайлап...", - деген.

Анын билдирүүсүнүн алдына Жусупбек Коргонбай уулу одоно комментарий калтырган. Кийинчерээк алар бир кепке келишип, комментарий өчүрүлгөн.

Kaktus.media эл өкүлү менен байланышууга аракет кылды. Бирок депутаттан комментарий алуу мүмкүн болгон. Ошентсе да редкция анын пикирин угууга даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10865