Мамлекеттик, жетекчилик кызматка талапкерлерди калп детекторунан өткөрүү каралууда
RU

Мамлекеттик, жетекчилик кызматка талапкерлерди калп детекторунан өткөрүү каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга талапкерлерди тандоодо полиграфтан (калп детектору) өткөрүү мерчемделүүдө. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, кадрларды тандоодо талапкердин психологиялык, лидерлик сапаттарын баалоо, IQ деңгээлин аныктоо максатында агенттик тарабынан быйыл 2 даана мультипсихометр аппараты алынган.

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга, айрыкча жетекчилик кызматка талапкерлерди полиграфтан өткөрүү каралууда. Бул коррупциялык аракеттерди алдын алуу жана коррупцияга жол бербөө максатында иштелип жатат. Калп детекторунун негизги максаты - талапкерлердин коррупциялык азгырыктарга, тобокелчиликтерге туруктуулугун аныктоо. Ошондой эле таза иштеген, мекенчил кадрларды кызматка тартууга жардам берет. Агенттик тарабынан полиграфты колдонуу боюнча тиешелүү укуктук-ченемдик актылар даярдалып жатат", - дейт Базарбаев.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15186