Токмок шаарынын "смотрящийи" делген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
RU

Токмок шаарынын "смотрящийи" делген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук комитети тарабынан өлкө аймагында уюшкан кылмыштуу топторду жок кылуу жана аларга каршы күрөшүүгө багытталган иштерди алкагында Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Маалыматта айтылгандай, ал Токмок шаарын "смотрящийи".

Такталгандай, К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү К.Э.Ж. унааларды тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерден 5 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалаган. Ал физикалык басым жасоо жана ден соолукка зыян келтирем деп коркутуп, жеке ишкерден туруктуу негизде (б.а. отметка) акча талап кылып алып турган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Э.Ж. 1 миң долларды алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кошумча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15187