Желек расмий алмашат. Президент мыйзамга кол койду
RU

Желек расмий алмашат. Президент мыйзамга кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

"Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Эми мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.

Ал эми автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулат деп каралган.

Эске салсак, 19-декабрда Жогорку Кеңеш экинчи жана үчүнчү окууда желекти өзгөртүү мыйзамын талкуусуз колдоп коюшкан.

Бул өзгөртүүлөргө туунун автору Бекбосун Жайчыбеков элдин көпчүлүк бөлүгү каршы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15189