Айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Анын милдетин ким аткарат?
RU

Айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Анын милдетин ким аткарат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы кабарлады. Маалым болгондой, Аскарбек Жаныбеков башка ишке өттү. Ал кайсы кызматка дайындалганы азырынча белгисиз.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна Бакыт Төрөбаевди дайындоого Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15200