Депутат айыл чарба министрин алмаштырып, кызыл камчысы бар бирөөнү коюш керек дейт
RU

Депутат айыл чарба министрин алмаштырып, кызыл камчысы бар бирөөнү коюш керек дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шайлообек Атазов айыл чарба министрин алмаштыруу керектигин айтты. Мындай сунушун эл өкүлү бүгүн, 29-сентябрда "Ата-Журт" парламенттик фракциясынын жана "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Шайлообек Атазов ундун кымбатташына түздөн-түз Айыл чарба министрлигие күнөөлөдү.

"Унду силер кымбаттатып жибердиңер. Анан урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич тормозду тептиргенде кайра баасын түшүрүп койдуңар. Эмне үчүн антесиңер?", - деп суроо салды.

Министр Аскарбек Жаныбеков: "Бааны биз кымбаттатпайбыз. Базардагы азык-түлүктүн көлөмүн, баанын кыргызстандыктарга ылайыктуулугун карайбыз", - деди.

Депутат бүгүнкү күндө министрликке нааразычылыктар абдан көп экенин белгиледи.

"Өзүбүздөн таза продукция өндүрүлөт, бирок майыбыз, сүтүбүз, унубуз кымбат. Кызыл камчысы бар бирөөнү президентке сунуштап, министрликке коюш керекпи? Аскарбек Сапарбекович абдан билимдүү, маданияттуу, сабырдуу сүйлөгөн кадр болгондуктан аны президенттин администрациясына кагаз менен иштегенге жөнөтүш керек. Министрликке резине өтүк, куфайка кийип, эл аралай турган патриот бирөөнү алып келиш керек деп эсептейм", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14600