Өзгөртүлгөн желекти колдонуу боюнча мыйзам бүгүндөн баштап күчүнө кирди
RU

Өзгөртүлгөн желекти колдонуу боюнча мыйзам бүгүндөн баштап күчүнө кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, мыйзамга Садыр Жапаров кол койгон. Президенттан маалымат катчысы Аскат Алагөзов мыйзам "Эркин-Тоо" гезитине жарыялангандан тартып күчүнө кирерин маалымдаган.

Мыйзам "Эркин-Тоо" гезитинин бүгүн, 26-декабрда чыккан нускасында жарыяланды.

Мыйзамга ылайык, Министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн өз токтому менен бекитип, анын негизинде жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат.

Белгилей кетсек, мамлекеттик желектин мурдагы вариантына аяр мамиле жасоо талаптары жаңысы илинген учурда деле күчүндө калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15205