"Мадина" базарынын кожоюну УКМКнын тергөө абагында калтырылды
RU

"Мадина" базарынын кожоюну УКМКнын тергөө абагында калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИТТИПАК уйгур диаспорасынын лидери, "Мадина" базарынын кожоюну Турсунтай Салимов УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырылды. Бул туурасында жактоочу Кайсын Абакиров Kaktus.media редакциясына билдирди.

Айтымында, бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Турсунтай Салимовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын даттануусу каралды. Адвокат белгилегендей, Т.Салимовдун К.Көлбаев жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен эч кандай байланышы болгон эмес.

"Ошондой эле тергөөчү Т.Салимовду Бишкектеги СИЗО-1ге которуу өтүнүчүн келтирген. Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы тергөөчүнүн да, жактоочулардын да арыз, даттанууларын канааттандырган жок", - дейт жактоочу.

Турсунтай Салимов УКМКнын СИЗОсунда 2024-жылдын 4-февралына чейин кармалат.

Белгилесек, Т.Салимов уюшкан кылмыштуу топту түзүүгө жана ага аралашканга шектелип 7-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок ишкер кримавторитет К.Көлбаев менен кошуна эле болгонун ишендирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15206