"Чыгашасы көп". Акылбек Жапаров "Мамлекеттик лотерея компаниясын" жоюуну сунуштады
RU

"Чыгашасы көп". Акылбек Жапаров "Мамлекеттик лотерея компаниясын" жоюуну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчётун укту.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров "Мамлекеттик лотерея компаниясы" ишканасынын 2 жылдан бери рентабелдүү эмес ишмердүүлүгүн сынга алды.

"Эмне үчүн мамлекет пайда көрбөгөн, андан дагы монополист ишкананы кармап турушу керек", - деп ишкананы жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

"Ар бир мамлекеттик компаниянын бизнес-планы жана процесстерди түшүнүүгө башкаруучулук мамилеси болушу керек. Кызматтык унааларды сатып алуу жана кеңсени оңдоп-түзөөдөн өткөрүп коюу - бул эффективдүү башкаруу эмес, бул жөн гана чыгаша. Технологияларды сатып алып, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу керек", - дейт Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилерине 25-январга чейин мамлекеттик ишканаларды мындан ары өнүктүрүү боюнча бизнес-пландарды тапшырууну тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15214