Аварияга кабылган Аружандын нааразычылыгына ооруканадан жооп берип, учурдагы абалын айтты
RU

Аварияга кабылган Аружандын нааразычылыгына ооруканадан жооп берип, учурдагы абалын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева Баткенге баратып жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен Аружандын моюну, омурткасы сынып, Баткен облустук ооруканасына кайрылып, андан кийин Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына "Тез жардам" унаасы менен жеткирилген.

Блогер Оштогу бейтапканага барганда коридордо күттүрүп койгонун айтып, нааразы болгон видео жарыялаган. "Ош облустук ооруканасынын коридорунда жатам, себеби бүгүн корпоратив экен. Рентгенге дагы ушуга байланыштуу түшүрбөйбүз дешти", - деген ал.

Бейтаптын нааразычылыгы боюнча Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан жооп беришти.

"23 жаштагы Аружан Бекешева аттуу бейтап 26-декабрда саат 17:30 чамасында кабыл алуу бөлүмүнө түшкөн. Бейтапты нөөмөттөгү травматолог Султан Жусупбеков кабыл алып, бир сыйра кароодон өткөрүп, дартын аныктап, нейрохирургия бөлүмүнө бейтап баянын ачып, 4 орундуу палатага жаткырган. Белгилей кетсек, жумуш убактысы бүткөндүктөн бейтапты нөөмөттөгү дарыгер кабыл алган. Рентген кабинет күнү-түнү иштейт. Нөөмөттө рентгенолог дагы болгон.

Бейтап нейрохирургия бөлүмүнө барган учурдан 2 мүнөт 40 секунданын ичинде палатага жайгаштырылган. Керебеттин шейшептерин алмаштырганча 2 мүнөт 40 секунда коридордо күтүп калган. Ооруканада ар дайым нөөмөттөгү дарыгерлер өз милдеттерин аткарып, ар бир бейтапты кабыл алып, текшерүүдөн өткөрүп, тийиштүү бөлүмдөргө жайгаштырышат. Дарыгерлер үчүн блогерлер болобу, катардагы карапайым бейтап болобу айырмасы жок", - деп түшүндүрүштү.

Оорукана жетекчилигинен кошумчалашкандай, бейтапка баш мээси чайкалган, омурткасы сынган, аралаш жаракат алган жана кежигеси көгөргөн деген диагноз коюлган. "Учурда абалы орто оор, туруктуу, ыкчам медициналык жардамга муктаж эмес. Кошумча изилдөөлөр жүргүзүлүп, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө", - деп белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15217