УКМК: Жалал-Абадда өспүрүмдөр балатыга жардыруучу зат коюп, теракт жасоону пландашкан
RU

УКМК: Жалал-Абадда өспүрүмдөр балатыга жардыруучу зат коюп, теракт жасоону пландашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда теракт жасоого даярдык көргөн 16 жаштагы балдар кармалды. УКМКдан өспүрүмдөр "Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан" эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрү экенин кабарлады.

Терроризмге каршы көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 25-декабрда Жалал-Абад шаарынын аймагында 2007-жылы туулган Р.М.Р. жана У.М.Т. кармалды.

"Алар интернет аркылуу "ИМ-ВХ" ЭТУнун катарына кошулуп, чет элдик ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу затты орнотууну пландашкан. Ошондой эле Жалал-Абаддагы чиркөөгө террордук чабуулду жана куралдуу кол салууну уюштурууну көздөп жатышкан", - дешет комитеттен.

Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун төгүндөлгүс далилдери, ЭТУнун эмиссарлары менен кат алышуу, иш-чаралардын планы жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар, ошондой эле "ИМ-ВХ" ЭТУнун жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылган.

Бул фактынын негизинде 252-берененин 1-бөлүмү (Террордук акт) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар жашы жетпегендер үчүн тергөө абагына киргизилди. Учурда балдардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15220