Бишкекте теракт жасоого курал сатканга шектүү кармалды
RU

Бишкекте теракт жасоого курал сатканга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте теракт жасоо үчүн курал сатууга шектүү жаран УКМК тарабынан кармалды. Коопсуздук комитеттен кабарлашкандай, кармалган жаран эл аралык террористтик уюмга шекриктеш болуп жүргөн.

Маалымдалгандай, 15-февралда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Сузак районунун 1976-жылы туулган Р.К.А. аттуу тургуну кармалды. Ал эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүнө Калашников (АК-74) жана гранатомет саткандыгы (УКМК тарабынан жок кылынган) аныкталды.

Кармалган Р.К.А. тергөө абагына киргизилип, анын террористтик уюмга шериктештигин башка фактыларды аныктоо боюнча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10354