Инвестордун акчасын, мүлкүн ээлеп алып, өлкөдөн кетүүгө мажбур кылган ишкерлер кармалды
RU

Инвестордун акчасын, мүлкүн ээлеп алып, өлкөдөн кетүүгө мажбур кылган ишкерлер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан инвесторлорду коргоо боюнча Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын колдоого багытталган иш-чаралардын алкагында "мыйзамдагы ууру" аталган К.Асанбектин атына жамынып, россиялык инвестордон өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алгандар аныкталды.

Коопсуздук комитеттен маалымдашкандай, 2018-жылы Россиянын жараны Р.Д.А. "Айсео" ЖЧКсы (иш жүзүндөгү ээлери Кыргыз Республикасынын жарандары О.Б.А. жана А.К.Т.) менен стратегиялык өнөктөштүк келишим түзгөн. Ага ылайык, Ысык-Көлдө коттедждик шаарча курулмак. Чет элдик жаран 14 млн доллардан ашык инвестиция кылган.

Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттедждик шаарча курулгандан кийин "Айсео" компаниясынын ээлери К.Асанбектин кылмыштуу байланышынан пайдаланып, инвесторду зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, анын мүлкүн жана акча каражаттарын ээлеп алып, Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө мажбурлашкан.

Учурда "Айсео" ЖЧКсынын ээлери О.Б.А., А.К.Т жана башкы бухгалтер А.Н.К. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15221