Японияда дагы жер титиреди. Каза болгондордун саны өсүүдө
RU

Японияда дагы жер титиреди. Каза болгондордун саны өсүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Япониянын Исикава префектурасында 3-январда дагы жер титиреп, күчү 5,5 баллга жетти. Тиешелүү маалыматтарды Япониянын башкы метеорологиялык агенттиги жарыялады деп жазат "Известия" басылмасы.

Маалыматта айтылгандай, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:54тө катталып, очогу суунун астында 10 чакырым тереңдикте болгон. Цунами коркунучу жарыяланган эмес.

Белгилесек, 1-январда Япониянын бир катар аймактарында катар-катар жер титиреп, кыйроолорго, жоготууларга алып келди.

Алгачкы жер титирөөлөр Исикава префектурасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:06да катталып, алардын күчү 5,7 жана 7,6 баллга жеткен. Кийинчерээк Исикава префектурасында дагы жер титирөө болгон. Улуттук метеорологиялык бюронун маалыматы боюнча, күчү 4,6 баллга жеткен. Жер титирөөлөрдөн улам цунами коркунучу жарыяланып, кийинчерээк жокко чыгарылган.

2-январда Япониянын премьер-министри Фумио Кисида өкмөт бир катар жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүү үчүн өзүн-өзү коргоо күчтөрүн жибергенин билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, Японияда жер титирөөдөн набыт болгондордун жалпы саны 62ге жетти. Ошондой эле 100дөн ашуун адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алды.

Япониянын метеорологиялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, дүйшөмбүдөн бери жалпысынан 155 жолу жер титиреди. Метеорологдор апта ичинде, өзгөчө жакынкы эки-үч күндө дагы катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15248