Япониядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
RU

Япониядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Японияда катталган жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин маалыматына ылайык, Тояма шаарында (жер титирөөнүн очогуна жакын) жүргөн Кыргыз Республикасынын беш жараны баш калкалоочу жайларга эвакуацияланды.

Учурда министрлик жана Япониядагы элчилик кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Японияда жүргөн Кыргыз жарандары менен байланышта болуп жатканы маалым.

Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрыла алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15246