Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 80ден ашты
RU

Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 80ден ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Япониядагы жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 82 болду. Мындай маалыматты япониялык NHK телеканалы билдирет деп жазышат бир катар басылмалар.

Каза болгондордун көбү Исикава префектурасындагы Вадзима жана Судзу шаарларынын тургундары болушкан.

Андан тышкары дагы 80 адамды издөө иштери улантылууда. Табигый кырсыктан улам 339 адам жабыркаганы кабарланды.

Белгилесек, 1-январда Япониянын бир катар аймактарында катар-катар жер титиреп, кыйроолорго, жоготууларга алып келди. Алгачкы жер титирөөлөр Исикава префектурасында катталып, алардын күчү 5,7 жана 7,6 баллга жеткен. Кийинчерээк Исикава префектурасында дагы жер титирөө болгон.

3-январда дагы Исикавада жер титиреп, күчү 5,5 баллды түзгөн.

Япониянын метеорологиялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, дүйшөмбүдөн бери жалпысынан 150дөн ашык жер титиреди. Метеорологдор апта ичинде, өзгөчө жакынкы эки-үч күндө дагы катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15256