Дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү дааратканадан табылды. Кылмышка уулу шектелүүдө
RU

Дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү дааратканадан табылды. Кылмышка уулу шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын шаарында 53 жаштагы кишинин жансыз денеси ажатканадан табылды. Кылмышка шектелип маркумдун баласы кармалды дешет Нарын ОИИБден.

Такталгандай, милициянын нөөмөт бөлүмүнө 6-январда саат 21:00 чамасында Мырзабеков көчөсүндөгү үйдүн короосундагы ажатканадан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы маалымдалган. Жерине барган милиция кызматкерлери ажатканадан белгисиз адамдын жансыз денесин аныкташкан. Сөөктү алып чыгуу үчүн куткаруучулар тартыл. Каза болгон жаран Нарын шаарынын 1970-жылы туулган С.А. аттуу тургуну экени такталган.

Аталган жаран 2023-жылдын 11-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Аялы 2023-жылыдын 12-ноябрында милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты 12-ноябрь күнү каттоого алынып, издөө иштери башталган. Аймактарга багыттамалар берилип, интернет булактарына, телеберүүлөргө жарыяланып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп келген.

Учурда А.С.`нын өлүмү боюнча 122-берененин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.

Териштирүүнүн алкагында маркумдун 1997-жылы туулган А.Ө.А. аттуу баласы жактоочунун катышуусунда сурак берген. Ал атасы спирт ичимдигин ичип алып, кызуу абалда болгондуктан, "эмнеге спирт ичимдигин ичесиз" деп өз ара уруша кетип, атасын түртүп жиберген. Атасы чалкасынан жыгылып, башынын арткы тарабы цементтин кырына тийип, турбай калганда каза болуп калды деп ойлоп башына целлофан баштык кийгизип, короодогу ажатканага чөктүрүп салгандыгын айтып көрсөтмө берген.

2024-жылдын 7-январь күнү А.Ө.А. Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө аракеттери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15271