Кримтөбөл Женго каза болду деген маалымат тастыкталган жок
RU

Кримтөбөл Женго каза болду деген маалымат тастыкталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетке Женго кайманата аты бар кримтөбөл Кадыр Досонов СИЗО-1де каза болгон деген кептер тарады. Социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүп жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын жактоочу Назгүл Сүйүнбаева айтты.

Жазаларды аткаруу кызматы да Женгонун каза болгонун четке какты. К.Досонов Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн сабагандыгы үчүн козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирди. Алардын бири алган жаракатынан каза болсо, экинчиси бутунан оор жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Ал эми шектүү Ош шаарындагы 5-СИЗОго камалган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досоновду Оштон Бишкекке алып келүүнү тапшырып, декабрь айында Бишкекке которулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15278