Шадиевге таандык базардын акцияларынын контролдук пакети мамлекетке өткөрүлдү
RU

Шадиевге таандык базардын акцияларынын контролдук пакети мамлекетке өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын мурдагы депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин туугандарына катталган "Баткен-Комфорт" базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Комитеттен билдиришкендей, мурда аныкталган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Аскарбек Шадиев Мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып, менчиктештирүү жана лицензиялоо, жеке кызыкчылыгы үчүн борбор калаадан арзандатылган баада 3 гектарга жакын жер тилкесин (Баткен-Комфорт базарын) алып, өзүнүн туугандарына каттаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жер участогунун иш жүзүндөгү ээлери С.Шадиев жана М.Шадиев "БГАТП" ЖАКтын акцияларынын контролдук пакетин (64,38%) ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүштү.

2024-жылдын 9-январында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик негизги акционер катары "БГАТП" ЖАКтын жетекчилигин алмаштырды. Мындан улам 2024-жылдын январь айынан баштап базардагы соода жайларынын ижара акысынан түшкөн айына 10 миллион сомго жакын (жылына 120 миллион сом) мамлекеттик бюджетке түшөт дешет комитеттен.

Ошол эле учурда 2020-жылдан бери республикадан тышкары Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиев, жубайы Асел Шадиеванын наамына катталган "БГАТП" ЖАКтын калган акцияларына карата акцияларды мамлекеттин менчигине кайтарып алуу мүмкүндүгү үчүн сот тартибинде акцияларды конфискациялоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

УКМК соода базарлары тарабынан алдамчылык аракеттерге жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет, ишкердик ишти жүргүзүү үчүн мыйзамсыз тоскоолдуктар жана туура эмес шарттар ар кандай фактылар аныкталса мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15291