"Сулайман-Тоого" желим баштык, буюмдарды алып чыгууга тыюу салынды
RU

"Сулайман-Тоого" желим баштык, буюмдарды алып чыгууга тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына желим баштыктарды жана буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиршти.

Мындай чечим "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу" жөнүндөгү мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен, тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоо, натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимге байланыштуу музей комплекстин аймагындагы буга чейин желим бөтөлкөлөрдө суусундук, пакеттердеги чипсы, кириешки, күнкарама жана башка саткан жайлар жабылды. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жай мезгилине чейин чечилерин айтышат министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15300