Баткенде Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү
RU

Баткенде Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-январда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов сүйлөштү. Тараптардын жолугушуусу Баткен шаарында болгонун Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Өкмөттүк делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациялардын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти. Жолугушуу достук маанайда өттү.

Эске салсак, 2023-жылы декабрда Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушкан. Анда Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, буга чейин эки өлкөнүн чек ара аймагында кармалып турган жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15305