Ак үйдөн качып кеткен Эмил Жамгырчиев УКМКга суракка барды
RU

Ак үйдөн качып кеткен Эмил Жамгырчиев УКМКга суракка барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин буга чейин кайда экени белгисиз болуп жаткан депутаты Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берүүгө барды. Ал жактоочусу менен барып, сурак иштеринен кийин коё берилди дешти коопсуздук комитеттен.

Белгилесек, 10-январда депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Бирок депутат белгисиз себептерден улам тергөө амалдарынан качып, дайынсыз жоголгон.

Андан кийин парламенттин жыйынында бул иш боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкууланып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Э.Жамгырчиев өз каалоосу менен тергөө органдарына келсе, кармалбай тургандыгын айткан.

Мындан тышкары 12-январда УКМК Жогорку Кеңештин төрагасына жана "Альянс" парламенттик фракциясынын лидерине депутаттын тергөө амалдарына катышуусун камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон.

Андан соң Э.Жамгырчиев УКМКга барып, жактоочусунун катышуусунда шектүү катары суракка алынып, дагы башка тергөө амалдары жүргүзүлүп, коё берилди.

Учурда депутат Э.Жамгырчиевдин мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча тергөө амалдары акыркы баскычта, жакынкы аралыкта сот органдарына кароого жиберилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15306