Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди. Эл өкүлү дайынсыз
RU

Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди. Эл өкүлү дайынсыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун кароо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктады.

Маалым болгондой, бүгүн, 9-январда депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди. Мындай чечимге комиссиянын жети мүчөсү добуш берсе, бирөө өзгөчө пикирин билдирди.

Белгилесек, Жамгырчиев бүгүн парламентте маалымат жыйын берүүгө ниеттенген. Бирок пландалган жыйын болбой калды, депутаттын кайда экени азырынча белгисиз.

Соцтармактарда да Жамгырчиевдин дайыны жок болуп жатканы айтылууда. Кесиптештери да бул туурасында маалыматы жок экенин айтышат.

Интернеттеги айрым маалымат барактарында комиссиянын жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин УКМК менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери Жамгырчиевди издеген. Алар чакыруу бермек имиш. Ал арада депутат иш бөлмөгө кирип, 2-кабаттын терезесинен секирип кеткен деп айтылууда.

Азырынча бул маалыматты тактоо мүмкүн боло элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15282