Тик учак кырсыгында каза болгон Жайыл Самудинов быйыл үйлөнөм деп жүргөн
RU

Тик учак кырсыгында каза болгон Жайыл Самудинов быйыл үйлөнөм деп жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

17-январда Бишкектин Достук айылына жакын жерде аскердик тик учак кулап, 10 адам жаракат алып, бир адам каза болду. Каза болгон Жайыл Самудинов болгону 30 жашта болчу.

Жайыл Самудиновдун кесиптеши жана досу Өмүрбек Шадиев Kaktus.kg редакциясына маркум тууралуу эскерип, быйыл үйлөнөйүн деп даярданып жүргөнүн айтып берди.

"Жайыл менен эки жыл чогуу иштедим. Бирөөгө катуу айтпаган, аябай жакшы бала болчу. Адамгерчиликтүү, кичи пейил, жаркылдаган адам эле. Быйыл үйлөнөм деп жүргөн. Тилекке каршы, пландары ишке ашпай калды.

Бишкектин Ак-Өргө конушунда эртең, 19-явнарда жерге берилет", - деди досу.

Жайыл Самудинов 1994-жылы Талас облусунда төрөлгөн. Россия Федерациясынын Гагарин жана Жуков атындагы Сызрань жогорку аскердик авиациялык учкучтар окуу жайын бүтүргөн.

Коргоо министрлиги аскердик тик учакта каза болгон Жайыл Самудинов тууралуу маалымат бере элек. Министрлик өзүнүн расмий сайтына авиациялык кырсыктын кесепетинен жабыркаган аскер кызматчыларынын ден соолугунун абалы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилигинин такай көзөмөлүндө турарын гана жазат.

Буга чейин Коргоо министрлиги бул кырсыкка байланыштуу айрым кызмат адамдары окуяны иликтөө иштери аяктаганга чейин убактылуу кызматтан четтетилерин маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15341