Чуулгандуу "Ихсан" турак жай кооперативи бүгүнкү күндө ишин улантып жатат
RU

Чуулгандуу "Ихсан" турак жай кооперативи бүгүнкү күндө ишин улантып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги "Ихсан Групп" турак жай курулуш кооперативи бүгүнкү күндө иштеп жатканын маалымдады. Учурда аталган кооперативге карата козголгон кылмыш ишин иликтөө уланууда.

ИИМдин маалыматына ылайык, "Ихсан Групп ЛТД" комерциялык эмес турак жай кооперативине карата 209-берене менен кылмыш иши козголгон. 2022-жылдын 17-ноябрында кооперативдин жооптуу кызматкери А.О.Т. тергөөгө келүүдөн баш тартып качып кеткен. Мындан улам Тергөө кызматы тарабынан 396 факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен айыбы сырттан угузулуп, райондук сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалып, ага карата издөө жарыяланган.

2022-жылдын декабрь айында "Ихсан Групп" кооперативинин жооптуу кызматкерлери Б.А.Т. жана А.Э.К. жалпы 400дөн ашык факты боюнча "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" менен айыпталып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн төрт жүздөн ашык факты боюнча жабырлануучуларга жалпы келтирилген материалдык чыгым 425 миллион сомдон ашкан.

Мындан тышкары "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин түштүк регионунун филиалына карата 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө. Көрсөтүлгөн кылмыш фактылар боюнча жабырлануучуларга 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.

"Ихсан групп ЛТД" кооперативине карата жарандардын арыз менен кайрылышынын себеби, келишим боюнча турак жайды сатып берүү мөөнөтү өтүп кеткен учурлар болгон.

Бүгүнкү күндө "Ихсан Групп ЛТД" кооперативи өз ишмердүүлүгүн улантууда. Себеби аталган кооперативге көптөгөн жарандар катталып турак жай алганы белгилүү жана ошол эле турак жай алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча каражатарын төлөп келишүүдө.

Аталган "Ихсан Групп ЛТД" комерциялык эмес турак жай кооперативинин баардык банктык эсеби камакка (арест) алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15342