Бишкекте эки аял "Ихсан" кооперативинин кеңсесин өрттөөгө аракет жасашты
RU

Бишкекте эки аял "Ихсан" кооперативинин кеңсесин өрттөөгө аракет жасашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ихсан" кооперативине алдангандар компаниянын кеңсесине өрт коюуга аракет кылышты. Маалыматты Kaktus.kg сайтына Биринчи Май РИИБинен ырасташып, окуя бүгүн, 24-февралда болгонун маалымдашты.

Кабарлангандай, саат 12:11 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Раззаков көчөсүндө жайгашкан "Ихсан" кооперативинин кеңсесине жабырлануучу (акча салган) өрт коюуга аракет кылганы айтылган.

Жерине ыкчам топ барып, О.Э. жана У.Э. аттуу жабырлануучулар кооперативдин кеңсесине өрт коймокчу болгонун аныкташты.

Компаниянын күзөт кызматкери аларды убагында токтотуп калган. Натыйжада компаниянын айнек текчеси жана отургуч күйүп, убагында өчүрүлгөн.

"Ихсандын" өкүлдөрү өрт койгондорго карата арыз жазуудан баш тартышты. Бул факты электрондук журналга катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Эске салсак, "Ихсан" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева июль айында кармалып, 2022-жылдын сентябрына чейин СИЗОго камалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10377