Керексизовдун Тоңдогу "Аалам Ордосу" калыбына келтирилиши мүмкүн
RU

Керексизовдун Тоңдогу "Аалам Ордосу" калыбына келтирилиши мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров министрлер кабинетине Тоң районундагы "Аалам ордо" комплексин калыбына келтирүү боюнча сунуш бермей болду. Бул тууралуу ал комплекстин абалы менен таанышкан учурда айтты.

Абдыкадыров комплекстин учурдагы абалына тынчсызданып, бул объектти калыбына келтирүү зарыл деп белгилейт.

"Бул жайды реконструкциялоо анын тарыхый маанисин гана жандандырбастан, аймактагы туризмди өнүктүрүүгө, экономикалык өсүшкө стимул берет. Маркум меценат, коомдук ишмер Ташкул Керексизовдун демилгеси менен курулган "Аалам Ордо" комплекси 2009-жылдан бери кароосуз калган", - деп айтылат маалыматта.

Маркум Ташкул Керексизов "Рух Ордону" да салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15354