Мигранттарды шылдыңдаган окуя. Депутаттар күч кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылышат
RU

Мигранттарды шылдыңдаган окуя. Депутаттар күч кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Екатеринбургда эмгек мигранттарды мазактап, чөгөлөп бастырууга мажбурлаган видео боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн айтты. Эл өкүлү белгилегендей, эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасына тиешелүү кат жөнөтөт.

"Биздин эмгек мигранттарыбыздын укуктарынын бузулушу боюнча сөзсүз түрдө текшерүү жүргүзөбүз. Тиешелүү кат жөнөтүлүп, видео боюнча текшерүү жүрөт. Тышкы иштер министрлигине Россиядагы Кыргызстандын элчилигине, Екатеринбургдагы консулдукка аталган видеону толук кандуу иликтеп, Россиянын мыйзамдарына ылайык, тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин кароону талап кылабыз", - дейт комитеттин төрагасы.

Улан Примов кошумчалагандай, Екатеринбургдагы курулуш иштеринде 150дөн ашуун мигрант иштеп жатканы, анын ичинде 40тан ашууну Кыргызстандан баргандар экени такталган. Мекендештердин бирөө дагы миграциялык же дагы башка мыйзамдарды бузбаганы аныкталды дейт Примов.

Эске салсак, Екатеринбургдагы рейд учурунда күч кызматкерлери эмгек мигранттарын бир катарда чөгөлөп басууга мажбурлашкан. Чуу жараткан видеодон кийин текшерүүгө алынган 3 кыргызстандык бар экени белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15358