Екатеринбургда каза болгон кыргызстандык боюнча Тышкы иштер министрлиги комментарий берди
RU

Екатеринбургда каза болгон кыргызстандык боюнча Тышкы иштер министрлиги комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургда 27 жаштагы кыргызстандык Алтынбек Камбаровдун өлүмү боюнча комментарий берди.

"3-ноябрь күнү болгон, анын кесепетинен жаран А.К.нын өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын чоо-жайын тактоо үчүн 4-ноябрда Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери маркумдун жакын туугандары менен биргеликте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын Свердлов району боюнча башкармалыгында башкы тергөө бөлүмү менен жыйын өтүп, анда тергөөгө чейинки жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу маалымат келип, кылмыш иши учурда Россия Федерациясынын Свердлов облусу боюнча ИИМдин Тергөө комитетине өткөрүлүп берилди.

Өз кезегинде Башкы консулдук маркумдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, 7-ноябрда А.К.нын сөөгүн жерге берүү үчүн Кыргызстанга жеткирилген.

Бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө, алар маркумдун жакындары жана Россиянын Свердлов облусу боюнча тергөө комитети менен байланышта", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, Екатеринбургда 27 жаштагы кыргызстандык Алтынбек Камбаров таң калыштуу жагдайда каза болгон. 3-ноябрь күнү кечинде жигит Техническая көчөсүнөн жолго чуркап чыгып, кичиавтобустун туткасынан кармоого аракет кылган, бирок тең салмактуулукту жоготуп, арткы дөңгөлөктүн астында калган. Ал кан жоготуудан улам, жеринде жан берген. Туугандары ал киши өлтүргүчтөрдөн качып жүргөнүн айтышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14924