Кыргызстанда катталган жер титирөө 6 баллга чейин жетти
RU

Кыргызстанда катталган жер титирөө 6 баллга чейин жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда катталган жер титирөөнүн күчү 3 баллдан 6 баллга чейин жетти. Бул тууралуу Өэгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянып билдирет.

23-январь караган түнү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга (Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк- чыгышта, Кажы-Сай айылынан 150 чакырым түштүк -чыгышта, Нарын шаарынан 275 чакырым түштүк -чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк- чыгыш) чейин сезилген деп айтылат маалыматта.

Алдын ала жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жер-жерлерде кызматкерлер тактоо иштери менен катар тиешелүү жумуштарды аткарып жатканы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15361