Жол киренин кымбатташы. Эл эмне дейт?
RU

Жол киренин кымбатташы. Эл эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын октябрь айынын аягынан баштап коомдук транспортко болгон баа 20 сомго көтөрүлөөрү байма-бай айтылып келе жатат. Мэрия 15-январдан тартып жол кирени кымбаттатмак. Бирок тиешелүү токтомго кол коюла электигине байланыштуу жаңы тарифке өтүү белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Бирок, ошол эле 15-январда Бишкек шаардык кеңеши Транспорт чөйрөсүндөгү шаардык кеңештин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом жарыялады. Буга ылайык, 30-январдан тартып жаңы жол киренин тарифтери күчүнө кире баштайт. Себеби, токтом жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин мыйзам күчүнө кириши керек.

Бул арада, жол киренин кымбатташы мэрияга тиешелүү автобус, троллейбустарда эле эмес, маршруттук таксилерге дагы (20 сом) тиешелүү болот.

Коомдук транспортко болгон баанын көтөрүлүшү боюнча Kaktus.kg элдин оюн билип көрдү.

Сурамжылоого катышкандардын дээрлик көпчүлүгү жол кирени кымбаттатууга каршы. Бирок, алар кандай учурда 20 сом төлөнөт, билишпейт.

Ооба, мэрия жол киренин баасын 20 сомго көтөрүүнү пландап жатат. Бирок, эгерде сиз жол кирени накталай төлөсөңүз. Ал эми "Тулпар" картасын колдоно турган болсоңуз 17 сом. Бирок, "Megapay" дагы бар. Эгер, аталган тиркеме аркылуу жол кире төлөсөңүз 11 сом болот. Бул аракеттердин бардыгын мэрия коомдук транспорттордо накталай төлөмдү жоюу үчүн колдонуп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15370