Коомдук транспорттордо жол кире көтөрүлбөй калды
RU

Коомдук транспорттордо жол кире көтөрүлбөй калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бүгүн, 15-январдан баштап коомдук транспорттордо жол кире 20 сом болмок. Бирок тиешелүү токтомго кол коюла электигине байланыштуу жаңы тарифке өтүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан билдиришти.

Дем алыш жана майрам күндөрүнө байланыштуу Бишкек шаардык кеңешинин тарифти өзгөртүү боюнча токтомунун долбоорун бекитүү процедуралары аягына чыга электиги маалым болду.

Белгилесек, 27-декабрда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө" Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун долбоорун жактырышкан. Ага ылайык, жол кире төмөнкүдөй бекитилген:

  • троллейбуста - 17 сом;
  • автобуста – 17 сом;
  • кичи автобустарда - 20 сом;
  • валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда жол кире акысын накталай төлөсө - 20 сом.

Жол кирени көтөрүүдө бир нече маанилүү факторлор эске алынганын билдиришкен мэриядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15312