Ошто ресторандын кызматкерлерине шек келтирген жаран 3 суткага камалды
RU

Ошто ресторандын кызматкерлерине шек келтирген жаран 3 суткага камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто ресто-бардын кызматкерлеринин абийирине шек келтирген жаран кармалып, 3 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.

Такталгандай, 5-январга караган түнү 03:00 чамаларында Ош шаарындагы "Эне-Сай" ресторанынын ресто-барында туулган күн белгилеп отурган Р.Ж. аталган ресто-бардын кызматкерлерине зомбулук көрсөтүп, абийирине шек келтирген сөздөрдү айтып, сөгүп коомдук тартипти бузган. Мындан улам кызматкерлер арыз менен милицияга кайрылышкан.

Факты боюнча 126-берене (майда бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, Р.Ж. кармалган. 23-январда Ош шаардык соту тарабынан 1993-жылы туулган Р.Ж. күнөөлү деп табылып, 3 суткага камакка алуу чечимин чыгарды.

Айыпталуучу мурда кылмыш жоопкерчилигине бир нече жолу тартылган, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15375