Ош шаарында курулшта иштеп жаткан жигит кулап, каза тапты
RU

Ош шаарында курулшта иштеп жаткан жигит кулап, каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарыда курулушта иштеп жаткан жигит имараттын 8-кабатынан кулап, каза тапты. Бул туурасында Ош ШИИБден редакцияга ырасташты.

Кырсык 23-январда саат 16:30 чамасында Ош шаарындагы Авиценна көчөсүндө катталган. Анда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 1996-жылы туулган жумушчу кулап, жеринде каза тапкан.

Маркум Кара-Кулжа районунун тургуну болгон. Бул факты "Кокустук" беренеси менен каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат дешти милициядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pixabay.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15377